Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулук районунда мектеп окуучусу спорт залда асынып алды

Полиция тогузунчу класстын окуучусунун өлүмүнүн жагдайларын аныктап жатат

23-февралда Сокулук ИИББге 14 жаштагы Б.В.нын сөөгү табылганы боюнча билдирүү түшкөн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алды. Тергөө-ыкчам тобу сөөктү карап чыгышты - аркандагы изден башка бөтөн издер табылган жок.

Бул факт КЖБРге катталды, экспертиза дайындалды. Бардык жагдайлар такталып жатат. Азыр андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Интернетте Сокулук районундагы спорт залда 9-класстын окуучусунун жансыз денеси табылды деген маалымат пайда болгон.

Чуй облусу ИИББнын басма сөз кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх