Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Финпол 2019-жылы катталган «Скай Мобайл»дын ишин иликтөөдө

ЭКККМК компания тарабынан мамлекеттик бюджетке келтирилген 112 миллион сомдук зыяндын ордун толтурду

Финансы полициясы 2019-жылдын ноябрь айында «Кылмыш-жаза кодексинин» 232-беренесинин 2-бөлүмү боюнча, «Скай Мобайл» ЖЧКсынын салык төлөөдөн баш тартуу фактысы боюнча КЖБРде  катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Ошентип, көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында,ЭКККМК тарабынан салыктык текшерүүлөр дайындалган, ага ылайык, резидент эместердин кирешелерине салыкты  «Скай Мобайл»ЖЧКсы тарабынан өзгөчө өлчөмдө төмөндөтүү фактысы 112 миллион сомдон ашык сумма аныкталды.

Каржы полициясы 2021-жылдын 11-февралында, тергөө учурунда "Скай Мобайл" ЖЧКсынын мамлекеттик бюджетине келтирилген 112 миллион 103 миң 243 сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.
Азыркы учурда, ЭКККМК өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана экономикалык, коррупциялык жана кызматтык жосунсуздуктардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тиешелүү чараларды улантууда.

ЭКККМКтин маалымат кызматы

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх