Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалды (видео)

ЭКККМКтын маалыматы боюнча, кыймылсыз мүлккө документтерди жол-жоболоштуруу үчүн жарандан 30 миң сом талап кылынган

3-мартта, "РР" аймактык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын бөлүм башчыларынын бири пара алып жаткан жеринен кармалган.

Буга чейин "БТ" аттуу жаран Финансылык полицияга арыз менен кайрылып, Сокулук районунун райондук архитектура жана шаар куруу бөлүмүнүн кызмат адамдарына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, каттоодон өтүү үчүн 30 миң сом талап кылган кызмат адамдарына чара көрүүнү суранган.


Сотко чейинки процесстин материалдары КЖБРде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Кармалган адам Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Урматтуу жарандар, эгерде сиз опузалоо, мыйзамсыз опузалоо жана чиновниктер же башка адамдар тарабынан негизсиз текшерүүлөрдүн курмандыгы болуп калсаңыз, сизден Каржы полициясына тез арада 1955 номерине кайрылууну суранабыз.

ЭКККМКтин маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх