Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ошто жигит кыздан интимдик сүрөттөрүн ата-энесине жөнөтөм деп коркутуп, акча талап кылган

Ал сүйлөшкөн кызын чечинүүгө мажбурлап, өлтүрөм деп коркутуп сүрөткө тартып алган

Бир күн мурун Ош шаарында кыздан акча талап кылып, ата-энесине интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү жөнөтөм деп коркутуп, 28 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу түштүк борбордун Ички иштер департаменти билдирди.

"Өткөн жылдын октябрь айынын аягында жигит 1995-жылы туулган  тааныш кызы менен жолуккан", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. «Ал акыркы жолу жолугушуп жатабыз деп алдаган. Андан кийин алар унаада отурганда, жигит аны бычак менен коркутуп, Оштогу мейманканалардын бирине алып келген. Ал жерден ал аны өлтүрөрүн айтып, чечинүүгө мажбурлап, кызды уюлдук телефонго сүрөткө тартып алган. Кыз уялганынан жүзүн колу менен жаап алган, бирок жигит колун күч менен алып, сүрөткө тартып алган. Андан кийин аны жакынкы аралыкта 50 миң сом таап берүүнү талап кылган. Болбосо, ал бул сүрөттөрдү кыздын ата-энесине жана жакын туугандарына жиберем деп коркуткан. Айласы кеткен жабырлануучу милицияга кайрылган ".

 

Бул факт боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) боюнча сотко чейинки иш козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эртең Ош шаардык соту бул ишти кароону баштайт.

Ош шаардык ИИБнын басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх