Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борборунда бир унаа өрттөнүп кетти (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жабыркагандар жок

Бүгүн эртең менен Бишкекте унаа өрттөнүп кетти. Окуя болгон жерден тартылган видеону "Короче" Телеграм каналы жарыялаган.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Vesti.kgге бүгүн аларга Москва жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде унаа өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдады.

- Бирок, жалын саат 08: 42де толугу менен өчүрүлдү, - деп такташты башкармалык.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн келип чыгышына кыска туташуу себеп болушу мүмкүн. Жабыркагандар жок.

Канышай Балкыбекова
Видео «Короче»



 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх