Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекке жакын жерден тамагынан мууздалган мектеп окуучусунун денеси табылды (сүрөт)

Ата-энелер жана полиция кызматкерлери өлтүрүлгөн окуучунун агасын издеп жатышат

Бишкек шаарынын чет жакасында, Мурас-Ордо конушунда 5-класстын окуучусу өлтүрүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Алардын айтымында, учурда коңшулары укук коргоо кызматкерлери менен биргеликте дайынсыз болуп жаткан агасын издеп жатышат.

"Бүгүн эртең менен ата-энелер жумушка кетишти, түшкү тамактануу маалында энеси үйүнө кайтып келип, уулунун тамагынан мууздалган денесин тапты", - дешет тургундар. - Азыр 10-класста окуган улуу аганы издеп жатабыз. Ал бала менен үйдө болуш керек болчу.

 

Бишкек ШИИББ Vesti.kg сайтына азырынча маалыматты тактоого убада берип, комментарий бере элек.

 

Максат Асанов
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх