Бишкекте троллейбус велосипедчендин айынан трансформаторго урунду (видео)
Жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок
Өмүракунов жана Ашар көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус трансформаторго урунган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек шаарынын ЖККнын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын айтымында, жол кырсыгына жолдон чыгып кеткен велосипедчен себеп болгон.
- Бүгүн эртең менен саат 6:00 чамасында троллейбус Өмүракунов көчөсүнүн жолу менен батышты көздөй бараткан, - деп белгилешти алар .-Ушул учурда Ашар көчөсү менен кесилишкен жерде велосипедчен жолдон чыгып кетти. Кагылышууга жол бербөө үчүн айдоочу бурулуп, бордюрдан өтүп кетти, андан кийин троллейбус трансформаторго урунду.
Жабыркагандар жок экендиги белгиленди. Милиция белгилегендей, троллейбустун айдоочусу аял болгон.
Канышай Балкыбекова
Фото www
Видео телеграмм-канал «Короче»