ИИМдин БМЖКККсы: Казакстандан Кыргызстанга маңзат ташуу каналы жоюлду (сүрөт)
Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Ички иштер министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын БМЖККК башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүнүн дагы бир фактысы аныкталып, бир топ адам кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында ыкчам кызматкерлери баңги затын ташууга жана сатууга шектелген адамды кармашкан. Унааны текшерүү учурунда Казакстанда туулган жүргүнчүгө таандык 115 грамм гашиш табылып, алынган. Белгиленген маалыматтарга ылайык, 49 жаштагы жаран Казакстандан Кыргызстанга баңги затын ташуу менен алектенген.
Мындан тышкары, Чүй облусунун аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңги затын сатуу учурунда анын шериги кармалган, ал Жалал-Абад облусунун 31 жаштагы тургуну болуп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Баңги заттарды сатуу)2-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. Кармалгандарга карата камакка алуу түрүндө алдын алуу чарасы көрүлдү.
Бул кылмышка тиешеси бар адамдар аныктоо үчүн атайын тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
БМЖКККнын басма сөз кызматы
ИИМдин БМЖКККнын басма сөз кызматынын сүрөтү