Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Казакстандагы кыргызстандык аял Садыр Жапаровдон жардам сурайт (видео)

Ал жана анын балдары мекенине кайтып келе алышпай жатышат

Казакстандагы кыргыз аял Садыр Жапаровдон жардам сурайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына адвокат Шердор Абдыкапаров билдирди.

- Мага Казакстанда кыйын кырдаалга туш болгон биздин жердешибиз бир аял кайрылды, - деди ал. - Ал товарларды жана унааны банк аркылуу бөлүп төлөйм деп алган(рассрочка), бирок беш ай бою ал пайыздарды төлөбөй келген, бул үчүн УКТ (ОПГ) аны токойго алып барып, сабап, өлүп калды деп ойлоп таштап кетишкен.

Кайрылуусунда аялды эми балдары менен кошуп коркутуп-үркүтүп жатышканын айтат.

"Мени ушунчалык ур-токмокко алышты, алар менин бардык тиштеримди сындырып салышты, бирөө эле калды", - дейт ал. - Алар унааны алып кетишти. Азыр менин балдарымды коркутуп жатышат. Күйөөм күн сайын мени сабап, балдарымды бербей жатат. Мен Казакстандын РИИБсына арыз жаздым, бирок ал үч айдан бери карабай жатат. Мүмкүн Кыргыз Республикасынын жараны болгонум үчүн карабай жатат. Мен өз мекениме бара албай жатам. Мага жардам бериңиз, Садыр Нургожоевич, сураныч.

Ошондой эле жабырлануучунун балдары видео кайрылуу жазып, жардам сурады.

"Апабызды сагындык" дешет алар. - Биздин апабыз жардамга муктаж. Ага жардам бер. Ал бизди Кыргызстанга алып кеткиси келет, бирок бара албайт. Ал аябай кыйналды, анткени биздикине бир эмес бир нече жолу келген Ержан байке менен Дина эже келген, алар кыйнап жатышат.

 

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх