Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Патрулдук милициялар Бишкекте жоголгон баланы табышты

Бала ата-энесине аман-эсен кайтарылды

Бир күн мурун, болжол менен саат 14.30 чамасында Патрулдук милициянын инспекторлору Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде адашып калган баланы табышкан.

Баланын өздүгүн тактоодо Бишкек шаары, Жал кичи району боюнча жашаган 2014-жылы туулган Б.А., жоголгону белгилүү болду.

Инспекторлор аны дароо патрулдук унаага отургузуп, анын жашаган жерине жеткирүүнү чечишкен, натыйжада ата-энесин таап, баланы аман-эсен өткөрүп беришкен.

 

Баланын ата-энеси Патрулдук милиция кызматкерлерине ыкчам тапкандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдиришти.

ЖККнын Бишкек пресс кызматы
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх