Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында мектеп мугалиминин өлүмүнө шектүү кармалды. Ал кылмышты эмне үчүн жасагандыгын айтып берди

Ал киши күнөөсүн мойнуна алган

Ош шаарында мектеп мугалиминин өлүмүнө шектүү кармалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына түштүк борбордун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Кармалган учурда шектүү эски таанышынын үйүндө жашынып жүргөн. Киши өлтүрүүдө колдонулган ок атуучу курал табылды.

- Шектүү күнөөсүн мойнуна алды, - деп белгилешти РИИБде. - Кылмыштын келип чыгышына талап-тоноо болгон.

Эске салсак, 23-март күнү эртең менен Ош шаарында белгисиз адамдар мектепте мугалим болуп иштеген, ошондой эле кечинде таксист болуп иштеген адамды атып кетишкен. Маркумдун жансыз денесин жергиликтүү тургундар Көкүм-бий көчөсүнөн табышкан.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх