Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: Таласта бир үй-бүлө адамды кулчулукта кармайт деген маалымат бар

Талас облусунун ИИБсы жана УКМКсы мындай факт табылган жок деп ишендиришти

Парламенттин алдында депутат Жылдыз Мусабекова Таласта бир үй-бүлө адамды кул кылып, аны мазактаган деп билдирди. Бул тууралуу парламентарий Facebook баракчасына жазды.

"... Зордук-зомбулук күчөдү. Өткөн бир күндөрү Таласта бир үй бүлө бир адамды кул кылып, уруп-согуп, мазактаган боюнча маалымат чыкты эле. Угушубузда Талас ШИИБи, УКМКсы жең ичинен акча алып бүтүрүптүр. Ушу окуя боюнча билгендер болсо бөлүшө аласыздарбы? - деп жазган Мусабекова.

 

Буга байланыштуу Vesti.kg сайты Талас облусунун Ички иштер башкармалыгына кайрылды.

"Зордук-зомбулук жана кулчулукка кабылган учурлар катталган жок", - деп жооп кайтарды милиция. - Мындан тышкары, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан пара алуу жана коррупция фактылары аныктала элек. Талас РИИбнын 102 кызматы ар кандай кылмыштардан жапа чеккен жарандарды күнү-түнү кабыл алууга даяр экендигин эскертет. Тургундарга юридикалык жардам көрсөтүлөт.

Vesti.kg сайты ошондой эле УКМКдан түшүндүрмө сурап, алар Ички иштер министрлигинин кесиптештеринен маалымат сурадык деп жооп беришти.

"Бул факт табылган жок" деп билдирди департаменттен. - Жок дегенде каттоодон да өткөн эмес.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх