Жалал-Абадда 43 жаштагы аялды бейтааныш адам өз үйүндө зордуктап, курч нерсе менен уруп жиберген
Ага ылайык, кылмышка шектүү эки адам кармалган
Жалал-Абадда аял зордукталып, жаракат алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирет.
«Милицияга 1978-жылы туулган Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, 26-мартта болжол менен саат 12.30 чамасында аял үйдө болгон учурда үйгө бейтааныш адам кирип келип, зордуктап, курч нерсе менен уруп, денесине залал келтирген. Натыйжада, аял ооруканага биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн барган », - деп билдиришти ИИМден.
Бул факт Жалал-Абад РИИБга катталган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
«Окуя болгон жерге тергөө тобу келип, текшерүү жүргүзүшкөн. Адистер схемасын чийип, сүрөткө тартып, кылмышкерлердин бармак издерин ошол жерден алышып, соттук-медициналык экспертке өткөрүп беришкен. Мындан тышкары, жабырлануучуга соттук-медициналык жана соттук-биологиялык экспертизалар дайындалган.
Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Өзгөн районунун тургуну 1987-жылы туулган О.З., жана Сузак районунун тургуну, 1988-жылы туулган К.Б. Алар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди », - деп айтылат билдирүүдө.
Фото www