УКМК: Ички иштер министрлигинин жалган кызматкери жана анын шериги кармалды (сүрөт)
Биринчи Май райондук ИИБнын кызматкеримин деп тааныштырган адам өзүнүн шериги менен биргеликте бир жарандан 5 миң доллар талап кылышкан
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча КЖБРде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ички иштер министрлигининыкчам иликтөө кызматкерлери менен биргеликте 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын алууда Л.Д аттуу жаран менен шериги Т.У.Жды кармады.
Кармалган Л.Д., өзүн Биринчи Май РИИБинин кызматкери катары тааныштырып, ТУЖ аттуу шериги менен биргеликте, мыйзамсыз түрдө ортомчулук кызматын көрсөткөндүгү үчүн сот жообуна тартыласың деп коркутуп, Сокулук районунун жашоочусунан 5000 АКШ долларын талап кылгандыгы аныкталды. .
Белгилей кетсек, Л.Д.Э мурда арыз ээсинен 190 миң сом жана 1 миң доллар алган.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www