Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Молдовановкада терроризм үчүн соттолгон адамга телевизорго катылган 14 телефонду өткөрүп берүүгө аракет кылышкан (сүрөт)

Дагы бир колонияда камактагы жарандын атасы тыюу салынган буюмду идиштин түбүнө каткан

Өткөн жума күнү, 2021-жылдын 26-мартында, саат 11:50 чамасында, Ысык-Ата районунун Нижний Нооруз айылында жайгашкан №50 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери тыюу салынган буюмдарды соттолгон Ж.К.К.га анын атасы К.Н.нын мыйзамсыз өткөрүп берүү аракетин токтотушкан. 

 

Текшерүүдө эки XIAOMI уюлдук телефону,  4 наушник жана башка тыюу салынган буюмдар табылып, алар идиш-аяктын түбүндө (атайын жасалган) катылган. Бул факт КЖБРде катталган.

 

Мындан тышкары, 27-март күнү саат 15:40 чамасында Аламүдүн районунун Молдовановка айылында жайгашкан №27 мекемеде жаран А.Ж.у. террористтик жана экстремисттик кылмыштар менен соттолгондорду кармоо үчүн обочолонгон жерде жазасын өтөп жаткан соттолуучуга тамак-аш жана сыналгы алып келди.

 

Бул сыналгынын ичинен текшерүү учурунда 14 уюлдук телефон табылып алынган. Бул факт КЖБРде катталган.

ЖАМК басма сөз кызматы
Сүрөт www

 
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх