Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тилекмат Күрөнов убактылуу кармоочу жайдан элге кайрылуу жасады

Ал баардыгын биримдикке жана мыйзамдуулук үчүн күрөшүүгө чакырды

Тилекмат Кудайбргенов (Куренов)убактылуу кармоочу жайдан кат жазган. Анда ал элге кайрылуу жасаган. Кайрылуунун текстин саясатчы Жеңиш Молдокматов социалдык тармакка жарыялаган.

 

"Камактан кат!...
Тилекмат Куреновдун элине, жакындарына кайрылуусу!
Арыба ардактуу мекендеш!
Мени колдоп жаткан досторго, жарандарга чын жүрөктөн рахмат! Силердин колдооңор мага жана менин үйбүлөмө кажыбас кайрат, үмүт жана дем берип жатат.
Урматтуу элим, мен өлкөбүзгө бир тыйын дагы зыян келтирбегенимди ишенимдүү айта алам. Менин абийирим сиздердин жана жараткандын алдында таза. Менин эңсегеним элибиздин теңчилиги, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук!

Ал Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн биригүүгө мезгил келгенин белгиледи.

"Кыргызымдын баатырларына кайрылам!-деп улантты Күрөңөв. Ардактуу бир тууганым, ар бирибиз ичибиздеги Манас атабыздын демин ойготуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги, адилеттүүлүктү орнотуш үчүн биригүүгө убакыт келди. Акыйкат сүйлөп, мыйзамдуулукту талап кылгандан коркпогула! Биздин өлкөбүздү өнүктүрүүгө акылыбыз дагы, күчүбүз дагы, эркибиз дагы жетет! Жаркын келечектен үмүт үзбөйлү. Жараткан баарыбызды колдосун!
Урматым менен уулуңар Тилекмат!"

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх