­
Коррупциялык схеманы түзгөн Биринчи май районундагы МСК бөлүмүнүн башчысы кармалды - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коррупциялык схеманы түзгөн Биринчи май районундагы МСК бөлүмүнүн башчысы кармалды

Башчысы баштаган салык кызматкерлери ишкерлерден системалуу түрдө акча алышкан

УКМКнын АКСи Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгында туруктуу коррупциялык схеманы токтотту.

Биринчи май району боюнча МСКтин башчысы "Б.Т.Т." жетекчилиги астында  кол алдындагы кызмат адамдары менен тил табышып, алардын компетенциясына кирген маселелерди оң чечүү үчүн ишкердик субъекттеринен системалуу түрдө акча каражаттарын алуу үчүн коррупциялык схема түзүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында сот тарабынан санкцияланган атайын тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден системалуу түрдө пара алуу жана аларды аталган салык кызматынын башкы жана баш ийген инспекторлорунун ортосунда андан ары бөлүштүрүү фактылары документтештирилген.

30-март, 2021-жыл "Б.T.T." Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процесстик кодексинин 98-беренеси менен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгилей кетүүчү жагдай, паракорчулук иш-аракеттерин жүргүзүүдөгү ушул сыяктуу коррупциялык схемалар салык кызматынын башка аймактык бөлүмдөрүндө дагы орун алып, бул жалпы мамлекеттик башкарууга көлөкө түшүрүп, акырындык менен ички инвестициялардын агып кетишине алып келүүдө.

Ушуга байланыштуу, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кандайдыр бир куугунтуктоо жана мыйзамсыз аракеттер болгон учурда, токтоосуз УКМКнын коомдук кабылдамасына же 660020, Whatsapp 0501660020 ишеним телефондоруна кайрылыңыз.

УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх