Бишкекте төртүнчү кабаттан кулап кеткен баланын баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алган
Бала №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды
Бишкекте төртүнчү кабаттан кулаган алты жашар баланын баш мээси чайкалып, ичинен жаракат алган. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Тез жардам борборунун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.
Бала №3 балдар клиникалык ооруканасына жаткырылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Бишкекте бала көп кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатынан кулап, аман калгандыгы маалымдалган. Апасынын айтымында, ал баланы агасына таштап кеткен, ал болсо аны сыртынан бекитип кетип калган.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз