Дмитриевка айылындагы заводдо смола эритүүчү цистернага түшүп кеткен адам каза болду
Маркумдун жакындарынын айтымында, заводдун жетекчилиги моргдун кызматы үчүн акы төлөп берген
Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылындагы асфальт бетон заводунун аймагында бир адам каза болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, 50 жаштагы адам чайыр эритүүчү бакка түшүп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ал арада Vesti.kg сайты маркумдун тууганы Геннадий Семюников менен байланышты.
Анын айтымында, ал адам аталган заводдун кызматкери болгон.
- Баары жумуш убагында болгон, - деди тууганы. - Комбинаттын жетекчилиги компенсация төлөп береби, билбейм. Бирок алар маркумду акыркы сапарга узатууга кеткен чыгымдарды жабууга убада беришти. Заводдун жетекчилиги моргдун кызматы үчүн акы төлөп берген.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www