Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарынын тургуну үйлөнүү үчүн Ысык-Көлдөн кызды ала качып келген. Ал кармалган

Кыз өзү милицияга кайрылган

Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте кызды үйлөнүү максатында ала качып  кеткен  шектүүнү кармады. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына патрулдук милиция кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын 2-апрелинде саат 23:40 чамасында 102-линияга кызды ала качып кетишти деген чакыруу түшкөн.

«Окуя болгон жерде 1996-жылы туулган Ж.Д. аттуу жаран Ысык-Көл облусунда аны  Бишкекке алып келген чала тааныш жигитке чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазды.

Чакыруу менен келген ПМК кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп,  1999-жылы туулган Б.К. аттуу жаранды кармашкан. Кошумча иликтөө үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып келишкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх