Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Партнер Нефть» май куюучу жайынын кампасынан контрабандалык жүктү аныктады

Кармалган унаа "Кайрагач" өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлерине сактоого өткөрүлүп берилди

5-апрелде КР Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча КЖБРде катталган материалдардын алкагында УКМКнын кызматкерлери, Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара тозотунун аскер кызматкерлеринин жардамы менен Лейлек районунда жайгашкан "Партнер Нефть" май куюучу жайынын кампасын тинтүүгө алышты.

 

Кампанын аймагынан тинтүү учурунда Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы сыйымдуулугу 900 литрлик цистерна табылган.

 

Кармалган автоунаа УКМКнын ПК Кайрагач өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.

 

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

 УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх