Каракол шаарындагы шаардык пляждын жанынан аялдын жансыз денеси табылды
Ал ар кандай дары-дармектерди ичкен, бирок экспертизанын жыйынтыгында өлүмдүн себеби ашыкча дарыдан эмес
Каракол шаарындагы шаардык пляждын жанынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Полициянын айтымында, сөөктү ээн жерден табышкан.
- Сөөктү 6-апрелде эртең менен жергиликтүү балыкчылар табышкан. - ИИБда такталды.
- Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Каза болгон Бишкек шаарында жашаган 1977-жылы туулган аял болгон. Экспертизанын жүрүшүндө милиция кызматкерлери паспорт, телефондор жана акчалар ордунда экендигин аныкташкан.
Маркум каза болор күнү үйүнө барган эмес, андан кийин атасы кызынын геолокациясын телефон аркылуу байкап калган. Аял Караколдун аймагында болгон, ал жакта алардын туугандары жашашат. Бирок, кийин белгилүү болгондой, ал ага жеткен эмес.
Белгиленгендей, маркум бала кезинде психологиялык жаракат алган . Ал ар кандай дары-дармектерди ичкен, бирок экспертизанын жыйынтыгында, өлчөмүнөн ашыкча ичкенден өлгөн эмес.
Соттук-медициналык эксперттин алдын ала маалыматы боюнча, аял жүрөгү токтоп, суукта үшүп жатып калгандан каза болгон. Зордук-зомбулук менен өлүмдүн изи табылган жок.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www