Кара-Сууда жаран үйүнө киргизбей койгон кайнатасы менен кайненесин бычактап салган
Күйөө баласы балдарын көргөнү келген, андан кийин чыр чыккан, бычакташуу менен аяктаган
Кара-Суу районунда кайнатасын өлтүрүүгө шектелген адам камакка алынды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Бир күн мурун, саат 00:40 чамасында Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн 44 жаштагы тургуну Ж.Р. жана анын жубайы 43 жаштагы Ж.Н.дан Кара-Суу РИИБга арыз түшкөн. Алардын айтымында, алар курч нерседен жаракат алышкан ...
Көрсө, Ж.Р.нын үйүнө балдарды көрүү үчүн 30 жаштагы күйөө баласы А.А келген. Аны кайын атасы киргизбей койгон, натыйжада чыр чыккан. А.А. үйдөн алып келинген ашкана бычагы менен кайнатасынын артына эки жолу сайган. Андан кийин ал көкүрөгүнө жана сол колуна, ошондой эле моюнуна жана курсагына үч жолу урган. Ошол эле жерде, аларды бөлүп турган кайненесинин ашказанына эки жолу бычак сайган. Экспертиза үчүн кан үлгүлөрү алынган.
Таңга жуук, жабырлануучу Ж.Р. алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган.
Тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Сүрөт www