Бишкекте кичинекей кызды уурдоого шектүү кармалды (сүрөт)
Аял баланы граждандык никедеги күйөөсү уурдап кеткенин айткан
Бүгүн саат 13:36 чамасында "102" линиясына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кызды уурдап кетишти деген чакыруу түшкөн.
Патрулдук милициянын инспекторлору окуя болгон жерге келгенден кийин, 2018-жылы туулган кызын уурдап, BMW X5 унаасы менен белгисиз тарапка качып кеткен граждандык күйөөгө чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган В.И. атттуу аял кайрылган .
ПМК кызматкерлери издөөдөн кийин 1982-жылы туулган Ш.Ф аттуу жаранды кармашып, Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө жеткиришкен.
Бишкек ПМКнын басма сөз кызматы
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз