Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бир адам өз кызын уурдап, Ошко алып кетүүнү көздөгөн

Милиция маршруттук таксиден шектүүнү кармаган

 8-апрелде, Бишкек ШИИББинин "102" кызматына "Восток-5" кичи районунан кызды уурдап кетишти деген чакыруу түшкөн.

Жаран Ж.К 2008-жылы туулган кызын уурдап кеткен мурунку күйөөсүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Издөө-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, Кулиев көчөсүндө ПМК кызматкерлери маршруттук таксилердин биринде Ош шаарына жашы жете элек кызды алып кетүүнү көздөгөн 1984-жылы туулган У.Э. Киши Свердлов РИИБине жеткирилген.

Патрулдук милиция кызматкерлери мурун уурдалган кызын энесине аман-эсен өткөрүп беришкен.

Бишкек ПМКнын пресс кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх