Кыргызстандык Түркиядан 3000ден ашуун тирүү сүлүктү алып өтүүгө аракет кылган
Кыргыз Республикасынын жаранына 54 555 түрк лирасы айып салынды
Стамбулдун аэропортунан Кыргызстандын жараны кармалды, анын жүктөрүнөн медициналык сүлүктөр табылды. Бул тууралуу Түркиянын Sözcü маалымат агенттиги билдирет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиришинче, бажы кызматкерлери кыргыз жаранынын жүктөрүнөн медициналык сүлүктөрдү (Hirudo Verbana) табышкан. Тиешелүү органдарга билдирүү жөнөтүлдү. Түркиядан экспорттоо мыйзамсыз жүргүзүлгөнү аныкталды.
Кылмышкерден 3300 даарылык сүлүк алынгандыгы белгиленди. Сүлүктөр тирүү болгондуктан, алар табигый жашоо чөйрөсүнө коё берилген.
Кыргыз жаранына 54 555 түрк лирасы (6 693 доллар) өлчөмүндө административдик айып салынды.
Канышай Балкыбекова
"Sözcü" сүрөтү