Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунун аймактык автомобиль жолдор башкармалыгынын башкы инженери кармалды

УКМК Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментиндеги коррупциялык схеманын бетин ачты

УКМК Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментиндеги коррупциялык схеманын бетин ачты.

Жол тейлөө мекемелерин автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо үчүн керектүү чийки зат менен камсыз кылуу максатында 2019-жылы Департамент жол битум майын продуктусун тендердик жол менен сатып алгандыгы аныкталды.

Бирок, Департаменттин жооптуу кызматкерлери материалдык пайда табуу максатында, аларга баш ийген жол эксплуатациялоочу агенттиктердин жетекчилиги менен тил табышып, сатып алынган чийки заттын бир кыйла бөлүгүн кызыкдар жеке компанияларга сатышкан, ал эми отчеттук маалыматтарда сарпталган чийки заттын көлөмүн жана наркын атайылап ашыкча көрсөткөн.

Ошентип, аталган коррупциялык схеманын натыйжасында Департаменттин кызмат адамдары мамлекетке 49 миллион сомдон ашык суммадагы зыян келтиришкен.

2021-жылдын 8-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү "Коррупция" боюнча кылмыш жасаган деп шектелип, Чүй облусунун Чүй облустук автомобиль жолдору башкармалыгынын башкы инженери - ". АРА "аттуу жаран кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

УКМКнын пресс-борбору
сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх