Ак-Ордо-3 жаңы конушунда өспүрүм электр болгаркасы менен моюнун кесип алды
Ленин райондук ИИБде "өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды
6-апрелде Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын "102" кызматына Ак-Ордо-3 конушундагы жеке үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө-өзү жаракат келтирди деген билдирүү түшкөн.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге барышкан. Милиция кызматкерлери үйдүн ичинен жашы жете элек С.С. 2007-жылы туулган, электр болгаркасы менен моюнунан жаракат алган. Натыйжада, алган жаракатынан улам өспүрүм ошол жерде көз жумган.
Бул факт Ленин РИИБнин КЖБРдин каттоосунан өтүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (Суицидге баруу) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Учурда ушул сотко чейинки процесстин алкагында дагы тергөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.
Ленин райондук ИИБсынын басма сөз кызматы
сүрөт www