Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунда аябай өзгөчөлөнгөн той кортежин тартып алышкан (видео)

Өзгөчөлөнүп жаңы үйлөнгөндөрдү МАИ кызматкерлери издеп жатышат

Интернетте Жалал-Абад облусунун Аксы районунда өзгөчө адаттан тышкары үйлөнүү үлпөт кортежи бар видео тарады. Жаңы үйлөнгөндөр оригиналдуулугун көрсөткөнгө аракет кылышкан.

- Биз Ак-Жол айыл өкмөтүндөбүз, - дейт видеону тарткан автор. - Жаштар чоңдордун машинасын чанып,  айылдык техникалар менен ЗАГСка чыгып атат.

Vesti.kg жергиликтүү айыл өкмөтүнүн башчысы Катчы Бердалы менен байланышып, ал адаттан тышкаркы окуя бир күн мурун болгонун айтты.

"Биз бул жөнүндө билээрибиз менен, дароо МАИ кызматкерлерине кабар бердик", - деди Бердалы. - Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Азыр инспекторлор мыйзам бузгандарды издеп жатышат.

Белгиленгендей, жаңы үйлөнгөндөр трактордун жер казуучу техникасына 400 метрден ашык эмес аралыкты басып өтүшкөн.

Канышай Балкыбекова
Видео телеграм-канал "Короче"

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх