Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

7-кичи райондо жоголгон кыз Ленин айылындагы кафелердин биринен табылды

Аны аман-эсен мыйзамдуу өкүлдөргө өткөрүп беришти

Милиция кызматкерлери бир күн мурун  Бишкектин 7-кичи районунан жоголгон кызды табышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

"Күндүз милиция кызматкерлери Альбинаны Ленинское айылындагы кафелердин биринен табышкан", - деп билдиришти РИИБден. - Аны бөлүмгө алып кетишти, андан кийин  мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүп беришти. Кыздын туугандары милиция кызматкерлерине кунт коюп, оперативдүүлүк жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бишкек ШИИБи жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда, тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине чалуу керектигин эскертет.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх