Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги ооруканадан качып кеткен адам кармала элек

Качып кеткенден бери 11 күн өттү

Мамакеев атындагы хирургиялык борбордон качып кеткен уурулукка шектелип кармалган адам азырынча табыла элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милиция качкан жаранды издөө боюнча тергөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын белгиледи.

Эске салсак, 30-мартта уурулукка шектелип кармалган жаран Мамакеев атындагы хирургиялык борбордон качып кеткен. Ал Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин коштоосунда ооруканага "Ашказан-ичеги-карын жолундагы бөтөн зат" диагнозу менен жаткырылды. Шектүүнүн айтымында, ал кармоо учурунда тырмактарды жутуп алган.

Дастан Советбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх