Жолдо МАИ кызматкери менен жолдон өтүп бара жаткан адамдын ортосунда жаңжал чыккан. Жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген
Белгиленгендей мас абалдагы жаран инспекторго жол кыймылын жөнгө салууга тоскоол болгон
Патрулдук милиция кызматынын департаменти Vesti.kg сайтына Бишкектеги жолдо бир адам жол инспектору менен урушуп кеткен видео боюнча түшүндүрмө берди.
"Бүгүн, саат 15:30 чамасында Бишкек шаарында ПМК кызматкерлери Байтик Баатыр менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кыймылын жөнгө салышып жаткан", - деп билдиришти ПМКдан. - Кызматта турганда азиат түспөлүндөгү, болжол менен 30-35 жаштар чамасындагы адам жол кызматкерине мас абалында асылып, ишине тоскоолдук кылган. Натыйжада, адам Биринчи май РИИБге жеткирилген ».
Учурда иш козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Vesti.kg сайтына Бишкекте жаран жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо милиционер менен урушуп кеткени кабарланган. Кадрларда ал кишинин инспекторду кантип сүзгөнү урганы көрсөтүлгөн.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www