Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта эки жашар бала короодо ойноп жүрүп, дайынсыз жоголду

Милиция жана куткаруучулар Талас дарыясынын жээгинен жана токойдон баланы издеп жатышат

Бир күн мурун, болжол менен саат 17.30 чамасында Бакыт-Ата РИИБга Өзгөрүш айылынын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү саат 15.30да Субан көчөсүндө эки жаштагы Рамзан Айткулов үйдүн жанындагы короодо ойноп жүрүп, белгисиз себептерден улам дайынсыз жоголгон.

Милиционерлер издөө иштерин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда баланын энеси кайненеси менен биргеликте саат 15.00дө короодо кир жууп, бала алардын жанында ойноп жүргөндүгү аныкталды. Жарым сааттын ичинде алар Рамзанды таппай калышкан. Бул факт Бакай-Ата РИИБ журналына катталган.

Рамзанды издөөгө 80ден ашуун милиция кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты кызматкери жергиликтүү тургундар менен биргеликте чыгышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Талас дарыясына түшүп кетиши мүмкүн. Учурда баланы дарыянын жээгинде жана токойдо издөө иштери жүрүп жатат.

Милиция жарандардан ымыркайды табууга көмөктөшүүнү суранат.

Белгилери: бою 55-65 см,  чачы кыска күрөң, көздөрү күрөң.

Кийимдер: кара водолазка, кызыл жилет, спорттук шым, бутундагы галош.

 

«Урматтуу жарандар! Эгерде сизде дайынсыз жоголгон бала жөнүндө маалымат болсо, анда 102 кызматына кабарлаңыз. Мындан тышкары, төмөнкү номерлерге кайрылсаңыз болот: 0 (3457) 3-23-14, 0 (3422) 6-05-47, 0 (701) 13-13-96, 0 (701) 60-16-29, 0 (779) 10-21-53 "деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх