Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте баланы аянтчага таштап кетишкен. Ата-энесин табууга жардам бергиле(сүрөт)

Өспүрүм иштери боюнча инспектор кичинекей баланы таап алган

Бир күн мурун, 12-апрелде Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору 3-кичирайондогу балдар ойноочу аянтчада азиат түспөлүндөгү, болжол менен эки жаштагы баланы табышкан.

 

Белгилери: бою 90 см, арыкчырай, чачы ачык түстө.

Кийген кийими: аскердик түстөгү күрмө, сол жагында ак түстө саймаланган «К» тамгасы, «ТАНГУА» деген жазуусу бар кызыл шляпа, бирюза куртка, көк джинсы, бутунда ак таман боз түстөгү спорттук бут кийим.

Урматтуу жарандар! Эгерде сизде баланын ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жашаган жерин аныктоого жардам берген маалымат болсо, анда төмөнкү телефондор боюнча кабарлаңыз: 0 (700) 10-33-84, 0 (707) 21-43-59, 0 ( 312) 54 -41-84 жана 102.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИББнын басма сөз кызматы
Бишкек шаарынын Октябрь РИИББнын басма сөз кызматынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх