Ысык-Көлдө балык уулоого кеткен адамдын жансыз денеси табылды
Маркумдун сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди
Үч күн мурун жоголгон 65 жаштагы адамдын сөөгү Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, 1956-жылы туулган Ысык-Көл районунун Маяк айылынын тургуну 10-апрелде балык уулоого чыгып, кайра кайтып келген эмес.
Аны издөө иштерине 3 суучул, 2 куткаруучу, Ички иштер министрлигинин 4 кызматкери жана 4 жергиликтүү тургун тартылган. Суучулдар сөөктү суудан бүгүн эртең менен табышты. Кийин белгилүү болгондой, адам сууга чөгүп кеткен.
Сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз