Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон өспүрүм кызды табышты

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны беш күн издешкен

Бишкекте милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүм кызды табышты. Буга чейин, 8-апрелде борбор калаанын тургуну Ж.А. кызы  2006-жылы туулган Мамбеталиева Айбийке Талантбековна 7-апрелде Ак-Өргө жаңы конушунан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, анын издөөгө көмөктөшүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Бул факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын КЖБР каттоосуна алынып, дайынсыз жоголгондордун жашаган жерин аныктоо үчүн токтоосуз бардык издөө  иш-чаралары башталган.

Ошентип, 12-апрелде саат 22:00 чамасында шаарда кыз аман-эсен табылган.

Жашы жете элек баланын коопсуздугу үчүн ИДН кызматкерлери жана Ленин РИИБдин ПМКнын ыкчам кызматкерлери тарабынан ата-энелер менен түшүндүрүү жана профилактикалык баарлашуу жүргүзүлдү.

Учурда ИИМ иштин бардык жагдайларын териштирип жатат.

Ленин райондук ИИБнын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх