Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала качууга шектүү жаран кармалды

Ага карата сотко чейинки иликтөө иши козголгон

Никеге туруу максатында адамды уурдап кеткен шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ПМКнынн басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, кечээ кечинде 102-линияга Шопоков жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинен кызды уурдап кетишти деген чакыруу түшкөн.

Патрулдук милициянын инспекторлору окуя болгон жерге келгенден кийин, кара түстөгү Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаада бара жаткан белгисиз адамдар күч колдонуп, кызды белгисиз тарапка күч менен салып кетишкени аныкталды.

Чакырууга келген ПМКнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында  1995-жылы туулган  жаранды  издөөнүн натыйжасында кармашкан. Ал Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Шектүүгө карата сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

ПМКнын Бишкек пресс кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх