Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта жигит туугандары менен урушуп, үйүнөн чыгып кеткен. Милиция аны досунун үйүнөн тапкан

Жигит менен маектешип, анын үй-бүлөсүнө өткөрүп бердик

Буга чейин Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Сокулук райондук ички иштер бөлүмү  2000-жылы туулган Каныбек уулу Байсалбекти издеп жаткандыгы тууралуу маалымат берген. Жигит 2021-жылы 11-апрелде үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Кабыл алынган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Байсалбек досунун үйүнөн Дордой базарынын аймагынан аман-эсен табылды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жигит туугандары менен урушуп, үйүнөн чыгып, досунун жанында калган.

Учурда жигит профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.

Чүй облусунун РИИББси
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх