Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте тоноочулукка шектелип эки жигит кармалды (видео)

Ушул эле балдар шаардын борборунан гүлдөрдү жулуп алышканы белгилүү болду

Бишкек ШИИБнин кызматкерлери тоноого шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу борбор калаанын ПМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, кечээ түнкү саат он экилер чамасында Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар телефонду тартып алышкандыгы жөнүндө 102 линиясына чалуу түшкөн.

ПМК кызматкерлери окуя болгон жерге келгенден кийин, 28 жаштагы жаран Redmi-6A уюлдук телефонун жана акчасын тартып алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Андан кийин алар качып кетишкен.

Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, талап-тоноочулукка шектелип, чакыруу менен келген Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 27 жана 23 жаштагы эки жаш жигит кармалган. Алар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.

Бул факт Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын КЖБРине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренеси "Каракчылык" боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Белгиленгендей, ушул эле жарандар буга чейин Фрунзе жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен гүл теришкен.

Пресс-служба УПСМ Бишкека
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх