Ош шаарында бир жаран үч илбирстин терисин 4500 долларга сатууну пландаган
Кыргызстандык жаран кылмыш үстүндө кармалган
УКМК үч илбирстин терисин мыйзамсыз сатуу фактыларын аныктады. К.А.С аттуу жаран Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган ак илбирстин үч терисин 4500 АКШ долларына сатууну пландап жаткандыгы аныкталды. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында К.А.С терилерин сатуу учурунда пара менен кармалды.
Белгилей кетсек, илбирс Кызыл китепке кирген, улуттук мыйзамдарда корголгон, Бишкек шаарынын символу болуп саналат жана анын туундуларын сатуу мыйзамсыз.
Бул факт боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси "Кызыл китепке киргизилген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу" беренеси боюнча КЖБРге катталды.
Бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин аныктоо боюнча сотко чейинки процесстер улантылууда.
УКМКнын пресс-борбору
Сүрөт www