Бишкекте жасалма мамлекеттик номурлар менен унаа айдап бара жаткан айдоочу кармалды
Унаасы унаа токтотуучу жайга киргизилди
Экинчи күнү, аймакты кайтарып жүргөндө, болжол менен түнкү саат 23.10 чамасында Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде Хонда Фит унаасы жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулган.
Унаанын тиешелүү документтерин текшерүүдө 1985-жылы туулган айдоочу М.А., жасалма номур менен автоунаа айдап жүргөнү аныкталды.
Бул факт боюнча унаа адистештирилген айып төлөөчү унаа токтотуучу жайга орнотулган. Айдоочуну кошумча иликтөө үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып келишти.
ПМБнын Бишкек басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз