Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Милиция кызматкерлери жоголгон төрт жаштагы баланы табышты

Бала ата-энесине кайтарылды

Кечээ саат 20.00 чамасында 102 линиясына Чүй проспектиси менен Бульвар көчөсүнүн кесилишинде бала жоголду деген билдирүү түшкөн. 

Патрулдук милициянын инспекторлору келгенден кийин 1982-жылы туулган жаран Д.А., төрт жашар баласын жоготкону аныкталды.

Фрунзе - Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чакыруу боюнча келген ПМ кызматкерлери баланы таап, атасына кайтарып беришкен.

Өз кезегинде, баланын атасы КЖБР кызматкерлерине ыкчам иштегендиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

ПМК Бишкек пресс кызматы

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх