Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек арада кыргыз жаранын алган жаракаты боюнча "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча иш козголду

Баткен облусунун ИИБсы эртең менен Тажикстандын жарандары Көк-Таш айылындагы аскер бөлүгүнө ок чыгаргандыгын билдирди

Бүгүн, 29-апрелде саат 05:45 чамасында Тажикстандын жарандары Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнө ок чыгарышты. Мындан тышкары, Тажикстандын Май айылы тараптан тургундар Ош-Исфана жолунун кесилиши менен өтүп бара жаткан унааларга таш ыргыта башташты. Бул факт боюнча материалдар КЖБР каттоосунан өтүп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 ("Бейбаштык")беренеси боюнча иш козголду.

Тажик тараптан атылган октун натыйжасында, Баткен районунун Көк-Таш айылынын 30 жаштагы тургуну көзүнөн жаракат алган. Ал айылдык ооруканага жаткырылды. Бул факт боюнча материалдар КЖБР каттоосунан өтүп,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-130 беренеси(Адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча иш козголду.

Көк-Таш айылынын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде нөөмөттө турушат.

Баткен облусунун ИИБнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх