Аял баңги затын тортко катып, Молдовановкадагы камактагы адамга берүүгө аракет кылган (сүрөт)
Жаран кармалып, милицияга өткөрүлүп берилген
28-апрелде Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын ыкчам башкармалыгы Чүй облусунун Молдовановкада жайгашкан No1 түзөтүү мекемесинин ыкчам бөлүмү менен биргеликте баңги затын колониянын аймагына мыйзамсыз алып кирүүнүн алдын алышты.
Ошентип, саат 10:00 чамасында мекеменин текшерүү бөлмөсүндө, соттолгон П.А.га арналган тамак-аш азыктарын тапшыруу учурунда, бышырылган тортто катылган баңги затын тапшырууну көздөгөн жаран В.М. Торттун ичинен болжол менен 25 грамм салмактагы героинди эске салган боз-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылган жана алынган, ошондой эле жапайы кара куурайдын өзгөчө жыты бар 20 грамм кочкул-жашыл зат ( гашиш)алынган.
Бул факт КЖБРде катталган. Кармалган жаран В.М., ошондой эле бардык чогултулган материалдар жана заттык далилдер кошумча тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Аламүдүн районунун ИИБга өткөрүлүп берилди.
Учурда Мамлекеттик жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Ички иштер министрлигинин СБНОНу менен биргеликте баңги заттын өлкө аймагына жана мекеменин аймагына кирип кетүү каналдарын аныктоо жана жоюу боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларын жүргүзүүдө .
ЖАМК пресс кызматы
Сүрөт www