Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Тажикстандын чек арачылары Баткен районунда минометтер жана пулемёттор менен катуу аткылай баштады

Жеринде кырдаалды чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев координациялоодо

Саат 14: 00дө Тажикстандын Ички иштер министрлигинин чек ара аскерлери жана атайын багыттагы аскерлери Баткен районунун Көк-Таш айылында жайгашкан Головная суу алуучу жайында минометтерден,  пулемёттордон турган массалык аткылоону башташты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, кырдаалды координациялап, куралдуу чек ара жаңжалын локалдаштыруу боюнча чараларды көрүп жаткан УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, УКМКнын Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев кырдаалды көзөмөлдөп ошол жерде.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх