"Биз жеңебиз". Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей Германиядан Кыргызстанга учуп чыкты
УКМКнын башчысы мекен өмүрдөн кымбат экендигин белгиледи
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Германиядан Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы курч кырдаалды билип, дароо ооруканага жетпей кайтып келүүнү чечкен.
"Мен кечээ 28.04. эрте менен ден соолугумду каратуу учун Германияга учуп кеткен элем,бирок бугунку Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учуп чыктым, больницага жетпей кайттым ,буюруса туну менен жетип барам. Баарыныздарга сабырдуулук тилеймин ,Мекендин чеги өмурдөн да кымбат, ынтымакта баарын женебиз!!! », - деп жазган Ташиев.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМКнын басма сөз борбору Камчыбек Ташиев бир күн мурун жүрөгүн текшерүү үчүн Германияга учуп кеткенин кабарлаган.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www