Чек арадагы айылдардан 800дөн ашуун адам эвакуацияланган
Атышуу токтой элек
Чек арадагы айылдардан 800дөн ашуун адам эвакуацияланган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтымында, жалпысынан 848 адам коопсуз аймакка эвакуацияланган. Анын ичинен 498 адам Баткенге, 350 адам Лейлек районуна эвакуацияланган. Жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары аларды тамак-аш жана башка эң керектүү буюмдар менен камсыз кылат.
Чек арада кырдаал курч бойдон калганы белгиленди. Атышуу токтой элек.
Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз