Тажикстандын Исфара шаарынын мэри ок атуудан жаракат алды
Алдын ала маалымат боюнча, дарыгерлер Баховаддин Баходурзоданын ден-соолугунун абалын туруктуу деп баалап жатышат
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда Исфара шаарынын мэри (Тажикстан) ок жеп, жаракат алган. Бул тууралуу Исфара администрациясындагы булак Asia-Plus басылмасына билдирди.
Анын ийнинен жаракат алганы такталды. Бирок, тажик ММКлары билдиргендей, мэрдин абалы туруктуу.
"Анын абалы туруктуу деп бааланууда, кооптонууга негиз жок", - деп билдирди "Азия-Плюс" басылмасы.
Булак
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз