Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чек ара жаңжалында 13 адам каза болду

Жалпысынан 134 кыргызстандык жаракат алган

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркагандардын саны көбөйүп, 134 адамга жетти. Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги саат 07: 50дө өткөрүп берет.
13 адам каза болгон.

Жаракат алган 25 адам атайын учак менен Баткенден Бишкекке жеткирилип, Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургиялык борборго жаткырылды. Эки жабырлануучунун абалы оор, калгандары орто жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх