Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад шаарындагы турак үйдөн чыккан өрттөн төрт адам каза болду

Өрттүн очогун өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү тобу тартылган

Бүгүн саат 08: 48де Жалал-Абад шаарынын Кара-Басан көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн 4 бөлүмү тартылган. Өрт саат 09: 00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 4 адам каза болгон (аты-жөндөрү такталууда). Көбүрөөк маалымат кийинчерээк берилет.

КРнын ӨКМ пресс-борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх